Баткен облусунун Жаңы-Жер айылынын жалпы дарыгерлер практикалык борборунда (ЖДПБ)  бир катар өзгөрүүлөр болгон. Борбордун директору Гүлбахар Далымованын айтымында, техникалык жабдуулар менен  кадрдык саясат жакшы нукка бурулду.

2018-жылдын ичинде ЖДПБга  Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз кызматташкан “Жыйынтыктардык натыйжасында каржылоо” долбоору  техникалык жабдуулар менен камсых кылган. Бул жардам тууралуу борбордун директору: “Биз аталган долбоор менен үч жыл иштедик. Ал арада төрөт үйүнө кислороддук концентратор алсак,  андан башка биохимиялык анализатор алып, анализдин бардык түрүн чыгарып баштадык. Албетте мунун бардыгы оңдоп-түзөө иштерин да камтыйт. Дагы бир жакшы жери деп – биздин дарыгерлер башка аймактарды кыдырып, жаңы жабдуулар менен таанышып, тажрыйба алмашып, билим алганын айтаар элем” – деп кошумчалады Г.Далымова.

Ал эми кадр маселеси баштапкы медико-санитардык жардамдын негизинде кыйла жакшырган.  Орточо эсеп менен дарыгерлер 19 миң айлык алышат.  Айгүль Закированын аталган борборго үй-бүлөлүк дарыгер болуп которулганына  эки-үч айдын жүзү болду. Ал буга чейин башка бөлүмдө иштеп келген. Үй-бүлөлүк дарыгер кесибине  ээ болгон А.Закирова: “Бизде кадр жетишпейт. Ошентсе да, 5-6 миң айлык менен эки-үч дарыгердин  ордунда иштеп келгенбиз. Өткөн жылы үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгын көтөрдү деп угуп, которулдум. Чын эле бир айда ошол эле жумушту аткарып, 21 миң сом айлык алдым. Мен абдан ыраазымын” – деген ою менен бөлүштү.

Дарыгердин айтымында, бул айылдан 20га жакын үй-бүлөлүк дарыгер билим алган. Айлык акынын аздыгы, башка жерде иштөөгө мажбур болушкан.  Эми алардын айрымдарын кайрадан жумушка чакырып жатабыз деди.

Жаңы –Жер айылынын жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгерлери бир күндө 40-50 гө жакын тургундарды кабыл алып, дарылашат. Андан тышкары, үймө-үй кыдырып, борборго келе албаган  жарандарга медициналык кызмат көрсөтүшөт.  


  zakupka2 

  lisenzya2 

  densooluk

 opendata1

 

Полезные ссылки

bannerEGZ

  

logo

 

logo-ky

kyrgyzstan