9 апрелде М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Айгүл Жумагулова, Бишкек шаардык ден-соолукту чындоо борборунун директору – Акматалиева Назгульдүн катышуусунда «Кабар» маалымат агентигиде “Ѳз кан басымыңды билип ал!” деген темада пресс-конференция болуп өттү.

“Артериалык гипертониядан 1,5 млн. адам жабыркап, алардын ичинен 39%ы 18 жаштан улуу адамдар. Эмне себептен бул дартты “тынч өлтүргүч” деп аташат? Анткени бул оору кандайдыр бир ыңгайсыздык жаратпайт, анын эч кандай белгилерин байкоого болбойт, ошондуктан көп адамдар кан басымынын жогорулап кеткендигин билбей жүрө беришет. Өлкөдө өлүмгө учураткан негизги оорулар бул, инфаркт, инсульт, жүрөк жетишсиздиги жана башкалар, бул оорулардын 70% кан басымдын жогорулашынан келип чыгат. Ошондуктан, эгер сиздин кан басымыңыз 140/90дон жогору болсо, анда сөссүз ооруканага кайрылуу керек”, - деп билдирди Жумагулова Айнагуль.

 

WhatsApp Image 2019-04-09 at 12.07.54.jpeg

“Кампаниянын алкагында 8-апрелден 30-апрелге чейин Бишкек шаарында 137  кан басымды өлчөө жайлары: шаардын мекемелеринде,  чон сода-сатык борборлорунда, базарларда  жана жогорку жана орто билим берүү мекемелеринде уюштурулган. Каалоочулар келип, бекер өз кан басымын өлчөп дарыгерлерден кеңеш  ала алышат. Андан тышкары келгендерге   кан басымдын жогорулашына алып келүүчү тобокел факторлору жана оорунун өрчүшүн алдын алуу боюнча  маалымат баракчалары берилет. Баардыгы 60 бригада иштешет. Биринчи жумада  соода сатык борборлорунда, жана базарларда иш алып барышат. Экинчи жумалыкта мекемелерде, акыркы жумада  жаңы конуш жана муниципалдык аймактык башкармалыктарда өткөрүлөт” - деп белгиледи- Акматалиева Назгуль.

Баарыныздарды “Ѳз кан басымды билип ал!”- деген  акцияга катышып,   өз ден соолугуңузга кам көрүңүз.


  zakupka2 

  lisenzya2 

  densooluk

 opendata1

 

Полезные ссылки

bannerEGZ

  

logo

 

logo-ky

kyrgyzstan