10-12 апрельде Саламаттык сактоо министрлигинде «Ден соолук» 2012-2018-жылдар ичиндеги Улуттук саламаттык сактоону реформалоо программасын жүзөгө ашыруу жыйынтыктары боюнча Ар жылдык биргелешкен сереп салуу (АБС) иш чарасы ѳтүүдѳ. Бул жерде реформалоо программасын жүзөгө ашыруунун прогресстери, жетишкендиктери, кѳйгѳйлордү чечүү жолдору каралат.

Жыйында Дүйнөлүк банк, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Немец банкы, Азия өнүктүрүү банкы, ЮСАИД, ЮНИСЭФ, ЮНФПА, ЮНЭЙДС, GIZ, JICA сыяктуу эл аралык донор уюмдарынан өкүлдөрү, ошондой эле бейөкмөт уюмдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев: «Ден соолук» Программасын турмушка ашыруу иши кеңири-секторалдык мамиленин (SWAp) алкагында аткарылды. Биргелешкен каржылоонун катышуучулары параллелдүү каржылоо аркылуу саламаттык сактоо системасынын бюджетине баа жеткис салым кошуп, салмактуу колдоо көрсөтүштү», - деп АБСтин ачылышында белгилеп кетти.

Бүгунку күндүндѳгү иш чаранын жүрүшүндѳ Ден-соолук программасынын негизги багытары боюнча жыйынтыктар каралат: жүрѳк-кан тамырлар оорусу, эне жана баланы коргоо, кургак учук, АИВ-инфекциясы жана ЖНК (жыйынтыктардын негизинде каржылоо) долбоорунун тажрыйбасы. Андан тышкары “Коомдук саламаттыкты сактоо" компоненти боюнча негизги жыйынтыктар каралат


  zakupka2 

  lisenzya2 

  densooluk

 opendata1

 

Полезные ссылки

bannerEGZ

  

logo

 

logo-ky

kyrgyzstan