Бүгүн, 19-апрелде, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы “Ош шаарындагы оорукана комплексин куруу” долбоору боюнча кабыл алуу – өткөрүп берүү актысына кол коюу салтанаты болуп өттү.

Бул салтанатка Кытай Эл Республикасынын Элчиси мырзайым Ду Дэвэнь, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев катышты.

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин атынан  жана өзүмдүн атымдан Кытай Эл Республикасынын жетекчилигине, жалпы боордош кытай элине, ушул долбоорго салым кошкон бардык адамдарга терең ыраазычылык билдирип кетким келет” – деп белгиледи министр К.Чолпонбаев.

 Маалымат үчүн:

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы өз ара катына ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен “Ош шаарындагы оорукана комплексин куруу” долбоорун ишке ашырууга макул болгон.

Оорукананын долбоору 150 кишиге эсептелген,  «CHAINA NERIN ENGINEERING» компаниясы тарабынан иштелип чыгат, Ош ш. Ак-Тилек кичирайонундагы бул оорукананын курулушу 2016-жылдын октябрь айында башталып, 2018-жылдын июнь айында бүтүрүлдү.

Ооорукананын жалпы аянты 23,500 метр квадрат, имараттын аянты 12,500 метр квадрат.

Республикабыздын түштүгүндөгү бул оорукана медицина тармагындагы заманбап технологиялар менен жабдууланган, түштүк регионунун жана жалпы Фергана өрөөнүнүн калкына жогорку технологиялуу медициналык жабдууларды колдонуу менен медициналык кызматтарды алууга мүмкүндүк түзүп берет.


  zakupka2 

  lisenzya2 

  densooluk

 opendata1

Найдите нас на Facebook

Полезные ссылки

bannerEGZ

  

logo

 

logo-ky

kyrgyzstan