Өлкө Кыргызстанда жарандардын репродуктивдик укуктарын камсыздоодо кандай жетишкендиктерге жетишти?

Бүгүн, 2019-жылы 25-апрелде ушул жана башка суроолорго жоопторду пресс-ланч учурунда КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, КР Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо маселелери боюнча комитетинин  өкүлдөрү жана жарандык коомдун мүчөлөрү талкуулашты.

Пресс-ланч учурунда саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу маселелери, калктын контрацепциянын заманбап ыкмаларынан туруктуу пайдалануусун камсыздоо жана аялдардын ден соолугун жакшыртуу маселелери козголду, ошондой эле дары-дармектер менен камсыздоонун жана репродуктивдик ден соолук боюнча кызматтардын калк үчүн саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик кепилдиктердин негизи катары жеткиликтүүлүк маселелери дагы талкууланды.

Катышуучулар ушул баскычта саламаттык сактоо системасынын алдында турган негизги милдеттердин бири, өзүнө кош бойлуу аялдын ден соолугун коргоо, коопсуз энелик үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле калкты сапаттуу жана коопсуз дары каражаттары, ошондой эле репродуктивдик ден соолукту коргоо жана үй-бүлөнү пландоо жаатындагы жеткиликтүү жана анык маалыматтар менен камсыздоону камтыган, каалап күткөн жана дени сак балдардын төрөлүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп санала тургандыгын белгилешти.

Өткөрүлүп жаткан реформалардын көрүнүшүндө биздин республиканын калкынын ден соолугунун абалынын айрым көрсөткүчтөрүндө оң өзгөрүүлөр белгиленүүдө.  2012-жылдан баштап энелер өлүм көрсөткүчүнүн азаюусундагы оң динамика байкалды, энелер өлүмүнүн көрсөткүчү 2012-жылы 100 000 тирүү төрөлгөн балага 50.3төн 2018-жылы 100 000 тирүү төрөлгөн балага 30.3кө чейин азайды.

Кыргызстан Балдар өлүмүнүн деңгээлин азайтуу боюнча Миң жылдыктын өнүгүү максаттарына жетишкен өлкөлөрдүн ичине кирди, Улутстаткомитеттин маалыматтары боюнча ымыркайлар өлүмүнүн көрсөткүчү 2016-ж., 1000 тирүү төрөлгөн балага эсептелген 16,6га каршы 15,2ни түздү.

«Репродуктивдик укуктарды коргоочулардын биргелешкен аракеттери пландалбаган кош бойлуулук жана энелер өлүмүнүн учурларын кыйла кыскартууга мүмкүнчүлүк берди жана көптөгөн адамдар үчүн сергек жана өндүрүмдүү жашоо мүнөзүнө карай жол ачты»,-деп белгиледи өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө  КР саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.


  zakupka2 

  lisenzya2 

  densooluk

 opendata1

Найдите нас на Facebook

Полезные ссылки

bannerEGZ

  

logo

 

logo-ky

kyrgyzstan