1-декабрь - АИВ/ЖИКС күнүнө карата иш-чаралар башталды

Ар жыл сайын 1-декабрда ЖИКСке каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү  белгиленет. Анын алкагында,  Саламаттык сактоо  министрлигине караштуу Республикалык ден-соолукту чыңдоо борборунун  Түштүк филиалынын уюштурусунда пресс-жыйын өткөрүлдү.

  27-ноябрда өткөрүлгөн  пресс-жыйынга  Ош шаарынын жана облусунун координатору,  ЖИКСти алдын алуу жана күрөшүү боюнча Ош областык борборунун башкы дарыгери жана психолог адиси, ЖМК өкүлдөрү жана Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун түштүк филиалынын  жетекчиси катышты. 
Статистикага ылайык, АИВ-инфекциясы Ош облусунун бардык райондорунда катталган. 

2019-жылдын 1-ноябрына карата  ВИЧ илдетине чалдыккандардын   саны  Кара-Суу районунда 868 киши,  Ноокатта 313, Алайда -57, Өзгөндө -170,  Араванда -51, Кара-Кулжада- 54, ал эми  Чоң-Алай районунда 6 киши.


Басып чыгаруу