Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук фтизиатрия борборунун маалыматтык системанын ыңгайлуулугун жана сапатын жогорку деңгээлде баалады

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук фтизиатрия борборунун маалыматтык системанын ыңгайлуулугун жана сапатын жогорку деңгээлде баалады

Кечөө, 5-декабрда Улуттук фтизиатрия борборунун кыдырып чыгып, Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын кургак учукка каршы кызматынын айрым ооруканаларында пилоттук режимде киргизилип жаткан маалыматтык системанын ыңгайлуулугун жана сапатын жогорку деңгээлде баалады. Жээнбеков - өлкөнүн кургак учукка каршы кызматынын 93 жылдык тарыхында кургак учук көйгөйлөрүнө жеке көңүл бөлүп, аларды талкуулоону каалаган алгачкы өлкө башчысы экендигин баары эле биле бербесе керек. Ошол эле учурда, Саламаттык сактоо министрлиги USAID Kyrgyz Republic (эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ Агенттиги) техникалык колдоосу менен ишке ашырылып келе жаткан пилоттук тажрыйбанын негизинде бардык кургак учукка каршы кызматтарын санариптештирүүнү ишке ашыруу чечимин кабыл алгандыгы маалым болду.


Басып чыгаруу