Бишкек шаардык перинаталдык борбордо үч эм төрөлдү!

Бишкек шаардык перинаталдык борбордо 2019-жылдын 2-декабрында үч эм төрөлдү. 35 жаштагы наристелердин апасы К.Ш. кош бойлуулуктун 36-жумасында операция жолу менен көз жарды. Кыздардын биринчиси - 3,020 кг салмакта, экинчиси – 2,950 кг, ал эми үчүнчүсү – 2,320 кг салмакта жарык дүйнөгө келишти. Азыркы учурда наристелердин дени сак жана  апасынын жанында.

Эскерте кетсек, бул жыл башынан бери  аталган борбордо жарык дүйнөгө келген  жетинчи үч эм.


Басып чыгаруу