Previous Next

КР саламаттык сактоо министринин орун басары санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик боюнча ШКУнун кеңешмесине катышууда

Бүгүн, 16-декабрда Москва шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыздоого жооп берген кызматтарынын башчыларынын Алтынчы кеңешмеси өтүүдө.

ШКУ Катчылыгынын, ШКУга мүчө мамлекеттердин профильдик ведомстволорунун жана бардык илимий мекемелеринин жетекчилери жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү учурдагы  жугуштуу оорулар менен байланышкан глобалдык чакырыктарды талкуулашты жана уюмдун катышуучу-мамлекеттеринин координацияланган биргелешкен аракеттерин талап кылышууда.

КР саламаттык сактоо министринин орун басары, Башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Эркин Чечейбаев Кыргыз Республикасындагы санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана биологиялык коопсуздук боюнча доклад жасады, ошондой эле Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун директору Гульбара Ишенапысова  Кыргыз Республикасындагы кызамык жана полиомиелитке байланышкан   кырдаал жөнүндө айтып берди.


Басып чыгаруу