Үстүбүздөгү жылдын июнь айынан бери Кыргызстанда кызамык оорусу каттала элек

КРнын ССМнин  Республикалык иммундаштыруу жана оорулардын алдын алуу борборунун маалыматы боюнча, 2019-жылдын 11 ай аралыгында республика боюнча кызамыктын жалпы 2347 учуру катталган. Бардык учурлар 2019-жылдын июнь айына чейин катталган, оорунун жайылышы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында үстүбүздөгү жылдын 14-жумасында токтотулган, андан кийин кызамык катталган эмес.

Акыркы жарым жыл аралыгында  катталган эки учур Казахстан Республикасынын Алма-Ата шаарынан келген наристелерде (ата-энеси эмгек мигранттары) катталган.

Европа аймагындагы жана коңшу өлкөлөрдөгү кызамык боюнча кырдаарларды эске алуу менен, КРнын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан оорунун алдын алуу боюнча чаралар күчөтүлдү.

Ошондой эле, Москва шаарында өтүп жаткан ШКУнун  санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик боюнча кеңешмесинде башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Эркин Чечейбаев Роспотребнадзордун өкүлдөрү менен жолугуу өткөрүп, “Тазартуучу иммундаштыруу”  кампаниясын жүргүзүү үчүн Кыргызстанга 9млн сомго 100 миң даана кызамыкка каршы эмдөө каражатын кайтарымсыз түрдө бөлүп берүү келишимин чечүүгө жетишти. Эмдөө каражаты Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын декабрь  айынын аягында алынып келинет.

Маалымат үчүн:

Кызамык -  вирустар козгоочу жугуштуу инфекциялык оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер, айрыкча 2 — 10 жаштагы балдар ооруйт. Инкубациялык мезгили 16—21 күн.

Кызамыктын белгилери:

  • Дене таптын жогорулашы
  • Жөтөлүү
  • Мурун бүтүү
  • Көздөн жаш агуу
  • Дене кызыл тактардын пайда болушу: адатта тактар бетте пайда болуп, андан кийин денеге жайылат

Кызамык өтүшүп кеткенде , өзгөчө кичинекей балдарда,  ич өтүү, пневмония сыяктуу  ооруларга алып келиши мүмкүн.

Эгерде сиз  өзүңүздө жогоруда баяндалган белгилерди байкасаңыз,  кызамык  менен ооруган адам менен  байланышта болсоңуз же суук тийүүнүн белгилери байкалса,  үйдөн чыкпаңыз, эл көп чогулган жерлерден (жабык спорттук, балдар үчүн ойноочу аянтчалар, коомдук унаалар, соода борборлору, туугандар менен майрамдык иш-чаралар ж. б.) оолак болуңуз жана тезинен  үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз.

Эмдөөнүн календарына ылайык баланы өз убагында вакцинациялоо алдын алуунун бирден-бир ыкмасы болуп саналат.   Эмдөөнү сиз жашаган жериңиз боюнча үй-бүлөлүк медицина борборлорунан ала аласыз.


Басып чыгаруу