Previous Next

Коронавирусту алдын алуу чаралары тууралуу элге маалымат берүү уланууда

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун (РДЧБжМК) адистери тарабынан коронавирусту алдын алуу чаралары тууралуу элге маалымат берүү уланууда.
Анын алкагында Бишкек шаарынын №66 – Билим берүү комплекс -гимназиясында коронавирусту алдын алуу чаралары тууралуу маалымат берилди.
Ден соолук чыңдоо борборунун адиси Бактыгуль Усубалиева, №66 гимназиянын 8-классынын окуучулары менен жолугуп, коронавирус деген эмне, андан коргонуу чараларына токтолду. Андан сырткары, жолугушууда кошумча туура тамактануу, сасык тумоо жана физикалык активдүүлүк боюнча маалыматтар айтылды.


Басып чыгаруу