Previous Next

Саламаттык сактоо министирлиги эскертет: “Чылым чегүү Сиздин ден соолугуңузга зыян”

Ар жылдын ноябрь айынын үчүнчү бейшембисинде Эл аралык чылым чегүүдөн баш тартуу күнү белгиленет.  2019-жылы бул күн 21-ноябрга туш келди. Бул иш чаранын негизги максаты коомчулуктун көңүлүн тамеки чегүүнүн ден соолукка тийгизген терс таасирине буруу.

Эл аралык тамеки чегүүдөн баш тартуу күнү 1970-жылы Америкалык онкологиялык коому (American Cancer Society) тарабынан бекитилген.

Кыргыз Экономикалык Университетинде (КЭУ) Саламаттык сактоо, Илим жана Билим берүү министрликтери менен биргеликте сергек жашоо мүнөзүн прапагандалоо жана тамекиден баш тартуу боюнча акция өттү.

  Университет бул жылы өзүн  “Чылымсыз аймак” деп жарыялаган.

Мындан тышкары, КЭУнун студенттери КВН уюштурушуп, сценкаларда тамекинин адамдын, өзгөчө жаш муундун организмине тийгизген зыяндуулугун көрсөтүштү, коомчулуктун көңүлүн тамекини колдонуу чоң зыян алып келээрине бурушту.  

Маалымат үчүн:

2005-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) тамеки менен күрөшүү боюнча Рамалык конвенциясы  күчүнө кирген.

Бул келишим Бириккен Улуттар Уюмунун тарыхында 180 мамлекет жана 90 % дүйнө элин камтыган, кеңири колдоого ээ болгон келишимдердин бири болуп калган.

БДССУ тамеки чегүү- калктын ден соолугуна өтө коопту коркунучтардын  бири деп эсептейт, мунун кесепетинен жыл сайын 8 млнго жакын адам өлөт. Өлүмдөрдүн 7 миллиону  тамеки чеккендер жана чегип тыштагандар, 1,2 миллиону – чылым чекпестен, анын түтүнүнөн жапа тарткандар түзөт.   

Тамекинин күйүгүнөн чыккан түтүн – бул адамдар чеккен тамеки, папирос жана кальяндын ресторандарда, офистерде же башка жабык мекемелердин ичинде толгон түтүн.

Тамекинин түтүнүндө 7000 жакын химиялык заттар бар, алардын 250сү аз эле дегенде ден соолукка зыян алып келет, ал эми 69у белгилүү концерегендер болуп эсептелет.

Тамеки чегүү онкологиялык оорулардын 90%ын чакырып, андан тышкары туруктуу көк жөтөл (бронхит) жана эмфизема ооруларына алып келиши мүмкүн.

 Америкалык окумуштуулардын пикири боюнча, тамеки чеккендер үчүн эң зыяндуусу- чыпкасы (фильтр) жок тамеки чегүү. Чыпкасы жок тамекилер өпкө рагынан өлүп калууну эки эсе жана  өлүмгө дуушар болуу коркунучун 30 %га жогорулатат. 

Акыркы жылдарды чылым чеккендер арасында вейп колдонгондордун саны өсүүдө, кадимки тамекилерден айырмаланып, электрондук тамекилер  кадимки тамекинин коопсуз алмаштыруучусу деп үгүттөп келишет.  Чындыгында электрондук тамекилер да коопсуз эмес. Себеби, анда суюктукту жылытып анан буулантуучу инголятор бар. Вейптерге куюлуучу суюктукта уулуу заттар бар: фенолдор - көздү, тери жана ооздун ичин сезгентет, формальдегид – ракты чакырат, коргошун – жүрөк кан тамыр жана нерв клеткаларын жабыркатат.  Мындан тышкары, пропиленгликол жана тамеки жылытуу учурунда  канцерогендик заттарды бөлүп чыгарат.

2019-жылдын октябрь айынын аягына чейинки убакыт аралыгында АКШда вейп колдонуудан келип чыккан өпкө ооруларынан 37 адам өлүп, ооругандардын саны 1,8 миңге чыккан.  

Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, кальян чегүү да адам үчүн коркунучтуу, себеби ал  жүрөктүн согушун тездетип, артериалдык кан басымды жогорулатып жана өпкөнүн иштешин жайлатат. Мындан тышкары, кургак учук сыяктуу жугуштуу ооруларды жуктуруу коркунучун да туудурат.  Кальяндын түзүлүшү бактериялардын көбөйүүсүнө ыңгайлуу жай болгондуктан, жугуштуу оорулардын таркашына шарт түзүлөт, ошондуктан тамекисиз кальяндар да адамдын ден соолугуна коркунуч жаратат. 

Чылым чегүүнүн негизги коркунучу – адам тез эле көнүп, кийин андан   баш тартуу оңойго турбайт. Дайым чеккендердин  98% таштоого аракет кылышат, бирок таштай алышпайт же бир жылдан кийин эле кайра чегип алышат. Кайсы куракта болсо да тамеки чегүүнү таштап, ден соолукка олуттуу пайда келтирүүгө болот.  30-35 жаш куракта тамеки чегүүнү таштагандар тамеки тартпагандардын жашоосуна барабар жашоого кечире алышат.


Басып чыгаруу