Бишкекте кант диабетинин алдын алууда жана дарылоодо социалдык өнөктөштүктүн тийгизген таасирин талкуулашты

Бүгүн, 2019-жылдын 21-ноябрында, Бишкекте " Социалдык өнөктөштүк -кант диабетинин алдын алуудагы жана дарылоодогу натыйжалуу модель " аталышындагы тегерек стол өтүүдө.

Тегерек стол "Үй-бүлө жана кант диабети" деген ураан астында Бүткүл дүйнөлүк диабет менен күрөшүү күнүнүн алкагында өтүп жатат.

Тегерек столдун максаты-Кыргыз Республикасында кант диабетине болгон мамилени социалдык өнөктөштүк аркылуу өзгөртүү, кант диабетинин алдын алуу жана эрте аныктоо артыкчылыгын жайылтуу.

Тегерек стол  Кыргызстандын Диабет жана эндокринологиялык ассоциациялары, "Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбор" БУ,  ХэлпЭйдж Интернэшнл, ADRA Кыргызстан тарабынан уюштурулду.

Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк Диабет Фондунун колдоосу менен  “ Кыргызстанда  кант диабетинин  алдын алуу жана дарылоо” өнөктөштүк долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

          КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев белгилегендей, кант диабети - таралуу темпи жана күчөп кетүү коркунучу боюнча эң көп тараган өнөкөт жугуштуу оору. Кант диабеттүү адамдар-Кыргызстандагы калктын социалдык жактан аялуу тобуна кирет.

Өлкөдө  1 бейтапка жашыруун кант диабети менен ооруган 3-4 адам туура келет. Ар кандай мамлекеттик программалар бейтаптарды  акысыз дары-дармек менен камсыз кылууга умтулуп келет, демек,  кант диабети бул- зор чыгымдар. Саламаттык сактоо министрлиги 2018-2020-жылдарга карата  кант диабети  боюнча программаны кабыл алды, анда кант диабетин эртелеп аныктоого жана алдын алууга басым жасалат.

Тегерек столдун катышуучулары КМШнын мүчө-өлкөлөрүнүн 2016-2020 жылдар аралыгында кант диабетинин алдын алуу жана дарылоо боюнча мамлекеттер аралык кызматташуу программасынын аткарылышын , Кыргызстандын региондорунда медициналык жардам көрсөтүү, кант диабети менен курөшүүдөгү ММКнын ролу, КР Саламаттык сактоо системасынын ӨЭУ менен диабеттин алдын алдуу  жана дарылоо боюнча эл аралык уюмдардын кызматташуусун талкуулашты.

2019-жылдын 1 - январына карата Кыргызстанда кант диабети менен ооруган 56 миңден ашуун жаран катталган, алардын  ичинде 2 миңи- I тип, 54 миңи- II типтеги диабет.

diabet 3


Басып чыгаруу