Бишкек шарындагы №64 мектепте жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу боюнча тегерек стол өттү

Бүгүн, 2020-жылдын 13-февралында Октябрь районунун бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору (ҮМБ)  Бишкек шарындагы №64 мектептин жамааты менен биргеликте " Калк арасында сарык, сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар, коронавирус жана рак ооруларынын жайылышын алдын алуу " деген аталышта тегерек стол уюштурушту.

Иш-чара Октябрь районуна караштуу үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун дарыгерлери, шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун,  райондук администрациянын социалдык бөлүмүнүн адистери, мектеп мугалимдери, ата-эне комитеттеринин катышуусунда өттү.

Тегерек столдун жүрүшүндө  дарыгерлер жогоруда айтылган ооруларга кененирээк токтолуп, жугуу жолдору жана  алдын алуу чаралары боюнча маалыматтарын беришти.

Октябрь районунун бириктирилген ҮМБнун жетекчиси Асель Теңизбаева: “Балдар – биздин  келечегибиз, ошондуктан балдарга туура багыттагы тастыкталган маалымат керек.  Бүгүнкү тегерек столдун алкагында катышуучулар коомчулук, анын ичинде  мектептер үчүн  да маанилүү маселе болгон сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар, коронавирус, сарык жана рак ооруларынын алдын алуу чаралары боюнча окутуудан өтүшөт. Мындай окутуулар Октябрь районуна караштуу башка мектептерде да улантылат”,-деп белгиледи.


Басып чыгаруу