Previous Next

Саламаттык сактоо министрлигинде жыйынтыктоочу коллегия өтүүдө

Бүгүн, 2020-жылдын 14-февралында Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактооминистрлигинин республиканын саламаттык сактоо  уюмдарынын ишмердүүлүгүнүн  2019-жылга карата жыйынтыгы жана 2020-жылга карата милдеттери тууралуу жыйынтыктоочу коллегиясы өтүүдө.

Коллегия вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын катышуусунда өтүүдө.

Ведомствонун өткөн жылы аткарган иштери тууралуу министрдин орун басары Мадамин Каратаев маалымат берди.

 Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2040-жылдарга “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” Программасын ишке ашыруу боюнча 2019-жылга карата Иш-чаралар планына, 2019-2030-жылдарга Саламаттык сактоо жана саламаттык сактоону өнүктүрүү боюнча КР Өкмөтүнүн “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” программасын ишке ашыруунун биринчи беш жылдык этабы катары 2019-2023-жылдарга карата иш-чаралар планына ылайык  жүргүздү.


Басып чыгаруу