Previous Next

Республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн медициналык жабдуулар сатылып алынды

Каралды: 384

Республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн 13 млн 067 миң АКШ долларына медициналык жабдуулар сатылып алынды. Буга Улуттук онкология жана гематология борборун (УОжГБ) 7 млн. АКШ долларына  заманбап жогорку технологиялуу медициналык жабдуулар менен камсыздоо (линиялык тездеткич, компьютердик томограф, кыскафокустук рентгенотерапия аппараты жана рентгенодиагностикалык санариптик комплекс, дистанциялык башкаруусу менен ж. б.); 10 саламаттык сактоо уюмдарына  852,3 миң АКШ долларына лаборатордук жабдуулар алынды (7 облустук бириктирилген ооруканаларга, Бишкек жана Ош шаарларынын перинаталдык борборлоруна) жана облустук Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна  биохимиялык анализаторлор - 490,0 миң АКШ долларына 34 даана алынды; кечиктирилгис акушерлик жана неонаталдык жардам көрсөтүүчү 10 саламаттык сактоо уюмуна  (7 облустук бириктирилген ооруканаларга, Бишкек жана Ош шаарларынын перинаталдык борборлоруна) 936,7 миң АКШ долларына медициналык жабдуулар алынды; балдарга ооруканага чейинки шашылыш жардам көрсөтүү үчүн жабдуулардын базалык топтому (7 облустук ҮМБларга жана алыскы райондорго) 248,6 миң АКШ долларына алынды; Жалал-Абад облустук бириктирилген ооруканасынын  Шашылыш медициналык жардам бөлүмүнө медициналык жабдуулар 906,8 миң АКШ долларына алынып берилди. Ошондой эле 4 млн. 252 миң АКШ долларына Бишкек шаардык перинаталдык борборго медициналык  жана медициналык эмес жабдууларды алууга тендер өткөрүү иштери жүрүп жатат (KFW).

Мындан тышкары, КРӨ караштуу ММКФнын Өнүктүрүү фондунун эсебинен 25,0 млн. сом өлчөмүндөгү каражатка  медициналык жабдууларды сатып алууга конкурс жарыяланды (эхокардиограф, аппарат УЗИ, офтальмологиядагы  медициналык жабдуулардын топтому, алыскы райондор үчүн  рентген жана УЗИ аппараттары).

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын  Саламаттык сактоо министрлигинде  2019-жылы жасалган иштер боюнча жыйынтыктоочу коллегия өтүүдө.

Басып чыгаруу