Previous Next

Алыскы райондордо жашаган калктын саламаттыгына кам көрүү үчүн Россия Федерациясы Кыргызстанга эки автопоезд берет

2020-жылдын 14-февралында КР Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  «СПИД Инфосвязь»  Коомдук фондунун директору Елена Перышкина баштаган өкүлчүгү менен Саламаттык сактоо министрлигинде жолушуу өткөрүп,  “Ден соолук кербени” долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Аталган долбоордун алкагында оорулардын алдын алууну жакшыртуу жана алыскы аймакта жашаган калктын ден соолугуна кам көрүү, ооруларды аныктоо, ошондой эле  АИВ (ВИЧ) сыяктуу  жугуштуу оорулар менен күрөшүү жана  алдын алуу максатында Кыргызстанга эки автопоезд  (түндүк жана түштүк аймагына) берилет.  “Ден соолук кербени ” долбоорун каржылоо максатында Евразиянын турукташтыруу жана өнүктүрүү (Евразийский фонд стабилизации и развития (ЕФСиР)) фонду    Кыргыз Республикасына 2,000,000.00 (эки  миллион)  АКШ доллары өлчөмүндө грант берет.

«СПИД Инфосвязь» коомдук фондунун директорунун орун басары Ирина Костецкаянын айтымында,  автопоезд сатып алууга  тендер жарыялоо жана өткөрүү иштери  Евразиянын турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду ички процедураларын бүтөөрү менен башталат.

Ирина Костецкая,  автопоезддерди 2020-жылдын  октябрь-ноябрь айларында  алып келүү күтүлүп жатканын белгиледи.

Андан тышкары,  жолугушуунун жүрүшүндө тараптар  «СПИД Инфосвязь» коомдук фонду тарабынан берилген “Камаз” автомашинасынын базасындагы Мобилдик клиниканын ишин талкуулашты.   2014-жылдан бери Россиянын Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнө жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү Программасынын алкагында  «СПИД Инфосвязь» коомдук фонду тарабынан  Ош, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен  областтарына  автотранспорттогу мобилдик клиникалар тапшырылган.

 «СПИД Инфосвязь» фондунун  өкүлдөрү,   Мобилдик клиниканын ишин быйыл дагы колдоого даяр экендиктерин билдиришти. Медициналык, техникалык кызматкерлерди колдоодон, автомашиналарды техникалык тейлөөдөн жана оңдоодон тышкары АИВ, гепатит жана башка ооруларды аныктоого тест-системанын 4 түрү берилет.

“Россия Федерациясынын өкмөтүнө, «СПИД Инфосвязь» коомдук фондуна Кыргызстанга көрсөтүп жаткан техникалык колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирем . Медициналык кароодон өткөрүү,   жугуштуу  жана  жугуштуу эмес ооруларга, анын ичинде ВИЧ/Спид, жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар  жана вирустук гепатиттке текшерүү жана  алардын  алдын алуу боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чаралар менен  айыл жашоочуларын, анин ичинде бийик тоолуу райондордо жашаган мигранттарды  камтуу калк арасында оң таасир берди. Өткөн 2019-жылы Мобилдик клиниканын адистери  республиканын алыскы аймактарында жашаган 60 миңдей адамды акысыз медициналык кароодон өткөрдү. Аймактардын жашоочулары  жугуштуу ооруларга тестирлөөдөн өтүүдө жана алдын алуу боюнча иш- чараларда    өз ыктыярлары менен активдүү катышууда.   Биздин кызматташтык жаңы “Ден соолук кербени” долбоорунун алкагында уланып жатканына абдан кубанычтамын жана дагы эки автопоезд  менен камсыздап жатканыңыздарга ыраазычылык билдирип, биздин жашоочулар бул клиникалардын келишин күтүп жатканын баса белгилейм”,- деп  билдирди КР Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.


Басып чыгаруу