Previous Next

Катар кайрымдуулук фондунун жардамы менен тубаса кулагы укпаган 4 балага акысыз операция жасалууда

Бүгүн 17-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Катар кайрымдуулук фондунун жардамы менен тубаса кулагы укпаган 4 балага акысыз операция жасалууда.

Бул операцияны жасоо 25миң евродон 40миң еврого чейин болгондуктан көпчүлүк үй-бүлөөдө мындай сумманы табууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин Камчыбек Узакбаев баса белгиледи.Ошондуктан бул маселени жеңилдетүү учун Эл аралык уюмдар менен тыгыз байланышып-иштешип,бул оорууну дарылоо үчүн атайын стратегиясын Кыргызстанда иштеп чыгуу каралып жаткандыгын,ошондой эле жакынкы күндөрдө Катар өлкөсүнө кыргызстандык врачтар,Кыргызстанга Катар өлкөсүнөн врачтар келип, тажырыйба алмашуу операциясын жасашаарын кошумчалады

Кошумча маалымат:

Статистика боюнча Улуттук эне баланы коргоо борборунда тубаса кулагы укпаган балдардын саны 189ду түзөт.Негизинен фондко 200дон ашуун адам кайрылган.Алардын ичинен фонд жакыр жашаган жана жетим-жесир балдардын арасынан 2 жаштан 5 жашка чейинки балдарды тандап алган.


Басып чыгаруу