3 –март угуу жөндөмдүүлүгүн коргоонун эл аралык күнү

 Угуу жөндөмдүүлүгүн коргоонун эл аралык күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) тарабынан бекитилген. 

Угуу жөндөмдүүлүгү адамдын жашоосундагы эч нерсеге алмаштырылгыс сезим. Көптөгөн адамдар угуу жөндөмдүүлүгүн  кадимкидей көрүнүш катары кабыл алып, кээ бир адамдардын кулагы төрөлгөндөн укпай турганын ойлонушпайт деле. Дүлөйлүк  бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча  эң көп кездешкен  сезүү органдарынын майыптыгы болуп саналат.  Угуунун начарлап кетишинин негизги себеби болуп ызы-чуунун ашыкча таасири, дары-дармектин терс таасири жана баштын жаракаты эсептелет.

ДССУнун маалыматы боюнча, дүйнөдө кулагы укпагандардын саны 360 миллиондон ашуун.

Кулактын начар угуусу сезиле баштагандан тартып, дарыгерге кайрылып, оорунун алдын алуу зарылдыгын адистер эскертет. Мындайда кулак, тамак жана мурун дарыгерине барып, кулактын угуу жөндөмүн текшертип, угуунун начарлашына алып келген себептерди аныктаган оң. Мындан тышкары, кулактын  гигиенасына көлүл буруп, ызы-чуу жайлардан алыс болуу, музыканын дабышын акырындатып угуу, өзүн өзү дарылоодон баш тартыш керек.

Угуу жөндөмдүүлүгүңөрду коркунучка салбагыла!

 

Басып чыгаруу