Previous Next

Курч респиратордук вирустук инфекциялардын, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча маалыматтык сессия

Бүгүн, 4 - мартта Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому менен биргеликте «ASIA MALL» соода борборунда  курч респиратордук  вирустук оорулардын, анын ичинде коронавирустун алдын алуу максатында лекция окулуп, баракчалар таркатылды.

«Эң негизги курч дем вирустук оорулардын алдын алууда жөнөкөй эле өздүк гигиена эрежелерин сактоо чоң мааниге ээ, мисалы колду тез-тез самындап жууп туруу, жөтөлүү этикетин сактоо: жөтөлүп чүчкүргөндө оозду, мурунду бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы  же чыканак менен тосуу, бөлмөнү тез-тез желдетип туруу, күнүмдүк турмушта колдонуучу буюм-тайымдарды нымдуу чүпүрөк менен сүртүп туруу»,-  деп белгиледи  борбордун жетекчиси Нурила Алтымышева. Мындан  тышкары беткап коронавирустан кайсы учурда сактайт, беткапты тагынуу эрежелерин айтып берди.

Ошондой эле Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери  жана  ыктыярчылары  коронавирус  тууралуу лекция окуп,  элге колду жуунун эрежесин видео аркылуу көрсөтүп беришти. 


Басып чыгаруу