COVID-19: акыркы маалыматтар

Өлкөдө жасалма дем алдыруу аппараттары жетиштүү. Эске алсак, коронавируска чалдыккан бейтаптарда оор дем алуу жана кургак жөтөл байкалат. Ар бир потенциалдык оорулуудан эки жолу анализ алынат: алгач өлкөнүн аймагына киргенде жана карантинден чыкканда.

Саламаттыкты сактоо министри маалымдагандай, акыркы маалыматтар боюнча Умрадан учуп келген самолетто 135 адам эмес, 144 адам болгону  аныкталды. Анын ичинен 142си Кыргызстандын аймагында жашайт жана алар обсервацияга жаткырылды. Бардыгынан анализ алынган, 3 адамдан коронавирус  аныкталып, калган анализдер таза чыккан.

                Сузак районундагы кырдаал өзгөчө көзөмөл алдында турат. Өзгөчө кырдаалдын алкагында дарыгерлер тарабынан 24 саат бою санитардык-эпидемиологиялык иштер, дезинфекциялык чаралар жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары, Жалал-Абад  облусуна  коронавирус жуктурууга шектелген учурду аныктоого жергиликтүү тургундарды тиешелүү анализдерден өткөрүү үчүн Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун  мобилдүү лабораториясы жиберилди.   Ошондой эле  Жалал-Абад облустук ооруканасында 3 жаран коронавирус илдети менен карантинге алынып  дарыланып жатат, дагы 3 жаран дене табы жогору болгондуктан дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын коронавируска алынган анализдери терс болуп чыкты.

Көптөгөн өлкөлөр башка мамлекеттерге бет каптарды жана антисептик каражаттарды экспорттоого тыюу салды. Ал эми Кыргызстанда бет кап  өндүрүү боюнча жергиликтүү өндүрүш жолго коюлду. 17-18-март күндөрү республика аймагына 630 миӊ даана бет кап жеткирилген. Жарандар аларды көп санда ашыкча сатып алгандыктан, тартыштык жаралууда. Бүгүнкү күндө бекитилген баасы – 10 сом,  бир адамга 3 даанадан сатуу чеги орнотулган.

Өзүӊүздү начар сезип турсаӊыз, үйдөн чыкпай туруп медиктерге кайрылуу зарыл экенин саламаттык сактоо министри К.Чолпонбаев эске салды. Тез жардам кызматы чакыруу боюнча жерине барып, тийиштүү медициналык жардам көрсөтөт. “Негизгиси, кооптонуунун кажети жок. Эгерде оорунун белгилери бар болсо, биз берген сунуштамаларды так аткаруу зарыл”, - деп билдирди Чолпонбаев.


Басып чыгаруу