Previous Next

НАРЫНДА КОРГОНУУЧУ АТАЙЫН КИЙИМ-КЕЧЕЛЕР ӨНДҮРҮЛҮҮДӨ

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Нарын шаарындагы №87-М. Мырзабеков атындагы кесиптик лицейде жугуштуу оорулардан  коргоочу атайын кийим-кечелер тигилүүдө.

Бул жумушка окуу жайдын тигүүчү адистигинин 10 мугалими тартылып, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Нарын шаардык мэриясынын, саламаттыкты сактоо мекемелеринин буйрутмасы менен 19-марттан бери 600 беткап жана 800  даана коргонуучу кийимдерди тигип чыгарышкан.

"1500 кийимге буйрутма алганбыз. Дагы 700дү тигебиз. Бул иш ыкчамдыкты талап кылгандыктан өзүбүздө иштеген мугалимдерден  сырткары үйүндө отуруп кийим тиккен 6 тигүүчүгө сүйлөшүп аларга да тиктирип атабыз. Буйрутма көп болгондуктан күнү-түнү  иштөөгө туура келүүдө. Ошентсе да элибиздин керегине жарап, кызмат кылып атканыбызга  сыймыктанабыз",- дейт тигүүчүлөрдүн бири Нуркан айым.

23-мартта бул жерде даярдалган кийим-кечелердин 24 даанасын облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов Кочкор районундагы Сары-Чат өткөрүү постунда нөөмөткө туруп иштеп жаткан кызматкерлерге тапшырды. Ошондой эле алар көз айнек жана өтүктөр менен да камсыз кылынды.

Лицейде өндүрүлүп жаткан кийим-кечелер сапаттуу пахта кездемесинен  тигилип,  кийип жүргөнгө ыңгайлуулугу менен айырмаланат. Жууп алып көпкө чейин пайдалана берсе болот. Баасы да салыштырмалуу арзан.


Басып чыгаруу