Previous Next

«Ас-Сафа» Эл аралык коомдук бирикмесинен коронавирус оорусуна чалдыккан бейтаптарга жардам

24-март күнү Республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасында коронавирус оорусуна чалдыккан бейтаптар үчүн өтө маанилүү болгон өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараты берилди.

Кувейт өлкөсүндөгү кайрымдуу адамдар каржылаган «Ас-Сафа» Эл аралык коомдук бирикмеси коронавирус дартынын Кыргызстанда жайылуусунан улам бейтаптарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлерге керектүү аппаратты алып берди.

Мындан тышкары «Ас-Сафа» коомдук бирикмеси тарабынан 2 миллион сом өлчөмүндө акчалай жардам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ачылган атайын эсепке которулганын «Ас-Сафа» коомдук бирикмесинин өкүлү Кайрат Молдобаев билдирди.

Адистердин айтымында "Ас-Сафа" коомдук бирикмеси берген аппараттын коронавирус менен күрөшүүдө мааниси чоң. 

 


Басып чыгаруу