Previous Next

Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Коронавирус илдетинин алдын алуу максатында Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү.

Коңшу мамлекеттин жардамын, кечээ, 25-мартта “Торугарт” чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды. 

Гуманитардык жардамды Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары  Ван Шин Ганг мырза тапшырып, кыргыз элинин бул ооруну тезирээк жеңип чыгуусун тилек кылды.

Кытай Эл Республикасынан 10 миң даана дарыгерлер үчүн респиратордук беткап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу беткаптар, ошондой эле 1 миң даана коргонуучу кийимдер келди.


Басып чыгаруу