Previous Next

Медициналык кызматкерлерди ташуу үчүн 350дөй автотраспорт ишке тартылды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тиешелүү ведомстволор менен биргеликте Улуттук жана Республикалык борборлордун, ошондой эле Бишкек шаарынын Үй-бүлөлүк медицина жана Тез медицина борборлорунун дарыгерлерин ташуу үчүн  туруктуу автотранспорт уюштурду.  Мындан ары дарыгерлерге  тоскоолдуксуз жана өз убагында жумуш ордуна келип , кайра үйлөрүнө жетүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Азыркы учурда, медкызматкелерди ташып жүрүү үчүн 350дөй автоунаа ишке тартылып, маршруттук баракчалары даярдалды.

Бүгүнкү күндө төмөнкү саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерин ташып жеткирүү ишке ашырылууда: Улуттук эне жана баланы коргоо борбору, Улуттук госпитал, Улуттук онкология жана гематология борбору, Акад. М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору, Жүрөк хирургиясы жана органдарды көчүрүү илим изилдөө институту, Улуттук фтизиатрия борбору,  Улуттук хирургия борбору, Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борбору, Республикалык кан борбору, ошондой эле Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун жана Тез медицина борборунун дарыгерлери.


Басып чыгаруу