Previous Next

Бишкектеги Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна гуманитардык жардамга келген жеке коргонуу каражаттарынын бир бөлүгү таркатылып берилди

Бүгүн, 28-мартта Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарындагы  Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун кызматкерлерине   Кытай Эл Республикасынан  гуманитардык жардам катары  келген жеке коргонуу каражаттарынын бир бөлүгүн  таркатып берди. Атап айтканда, респиратордук беткаптар (1600 даана), бир жолу колдонулуучу беткаптар (45 миң даана), коргоочу костюмдар (700 даана) шаардын Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медкызматкерлерине тапшырылып берилди.

Калган жабдыктар жакын арада республиканын саламаттык сактоо уюмдарына, анын ичинде санитардык-карантиндик постторго бөлүштүрүлүп берилет.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Кытай Эл Республикасы биздин медиктерге гуманитардык жардам катары 10 миң респиратордук беткап, 100 миң бир жолу колдонулуучу беткап жана миң даана коргоочу костюм жиберген.


Басып чыгаруу