Previous Next

Кыргызстандын Кызыл Ай коому Бишкек шаарындагы Тез медицина борборунун кызматкерлерине өздүк коргонуу каражаттарын тапшырышты

Кыргызстандын Кызыл Ай коому ар дайым жардамга муктаж жарандарга кол сунуу менен бирге, саламаттык сактоо тармагына ар түрдүү колдоо көрсөтүп келет. Өлкөгө киргизилген өзгөчө абалга жана дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу аталган уюм кечее, 29-мартта  Бишкек шаарындагы Тез медицина борборунун кызматкерлерине калк саламаттыгы үчүн күнү-түнү  кылган эмгегин баалоо менен, коргоочу костюмдар, чепчик, колкап жана коргоочу каскадан турган өздүк коргонуу каражаттарын тапшырышты.


Басып чыгаруу