Previous Next

Кыргызстандагы Сорос фонду дарыгерлерге колдоо көрсөтүү максатында жеке коргонуу каражаттарын берди

Акыркы учурда, COVID-19 менен күрөшүп жаткан дарыгерлерди колдогон демөөрчүлөр көбөйдү. Алардын катарында Кыргызстандагы Сорос фонду дагы бар. Бүгүн Сорос фонду Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаментинин кызматкерлерине беткап, антисептик жана колкап сыяктуу өздүк коргонуу каражаттарын тапшырышты. Фонддун жетекчиси Шамиль Ибрагимовдун айтымында, өзгөчө абал учурунда алгач дарыгерлерге колдоо көрсөтүү башкы милдет. Мындан ары, фонд өздүк коргонуу каражаттарын муктаж болгон медициналык мекемелерге жеткирип бермекчи.


Басып чыгаруу