Previous Next

Катар кайрымдуулук уюму дарыгерлерге жана блокпостто турган жарандарга жардам ирээтинде өздүк коргонуу каражаттарын тапшырды

Катар кайрымдуулук уюму дарыгерлерге жана блокпостто турган жарандарга жардам ирээтинде өздүк коргонуу каражаттарын тапшырды.
Фонддун жетекчилери оор абалда иштеп жаткан дарыгерлерди колдоо үчүн, кызматкерлерди вирустан коргоочу 457 комплект менен камсыздады. Комплекттин ичинде: медициналык халат, колкап, беткап, пижама, байпак жана башка каражаттар бар.
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев фонддун жетекчилерине ыраазычылык билдирип, коронавирус менен күрөшүүдө чон салым экенин айтып өттү.
Айта кетсек, Катар кайрымдуулук фонду 2018-жылдан бери Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз кызматташууда. Анын алкагында, региондордо бир нече ФАПтар курулган


Басып чыгаруу