Previous Next

Улуттук фтизиатрия борборунда эмгектенген кызматкерлерге психологиялык колдоо көрсөтүү боюнча окутуу уюштурулду

Улуттук фтизиатрия борборунда   COVID-19га чалдыккан бейтаптарды  кабыл алуучу атайын бөлүм  ачылып жаткандыктан, анда эмгектенген медицина кызматкерлеринин  бир бөлүгү  ал бөлүмдө иштөөгө даярдалып, тиешелүү окутуулардан  өткөрүлүүдө. Мунун алкагында аталган борбордун жетекчилиги  көп убакытка созулган изоляция шартында иштөө сыяктуу оор шарттарда  милдетин аткарууга  туура келээрин эске алып, өз кызматкерлерин  психологиялык жактан алдын ала даярдоону чечкен.

"Коронавирус менен ооруган бейтаптарды  адистештирилген бөлүмдө дарылоо инфекциялык көзөмөл  чараларын так аткаруу менен жүргүзүлүшү керек, анын ичине медициналык кызматкерлерди жумуш убактысында гана эмес, андан кийин белгилүү бир мөөнөткө обочолонтуу да кирет»,- деп билдирди бөлүм башчысы Елена Жданова.

Алгачкы сабакты  «PRO-Platform»  Психологдор ассоциациясынын консультант-психологу Нургуль Сейтказиева алып барды. Ал өз сөзүндө: “Муну сабак деп атоодон көрө,  тынчсыздануу сезими жана ал кайдан пайда болот,  иштөөгө жана  жашоого кедергисин тийгизбеши үчүн эмне кылуу керек деген темада баарлашуу, маектешүү десек туура болот”, -деген оюн айтты.

«PRO-Platform»  психологдор ассоциациясы  аталган  борбордун  адистерине психологиялык колдоону акысыз көрсөтүшүүдө.


Басып чыгаруу