Previous Next

Кытай Өкмөтү COVID-19 инфекциясын тез аныктоо үчүн экспресс-тесстерди тапшырды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кытай Эл Республикасынан келген гуманитардык жүктү тапшыруу аземи болуп өттү. Гуманитардык жардам катары  COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн  SARS CoV-2 Antibody test  реагенттеринен турган  21 000 даана экспресс-тест берилди.

Иш чара Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри  Сабиржан  Абдикаримов,  Кытай Эл Республикасынын  Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь жана КРнын Тышкы иштер министрлигинин экинчи саясий департаментинин директору  Толонду Макеевдин катышуусунда өттү.

Аталган экспресс-тест  20 мүнөт аралыгында организмде коронавирустун бар же жок экендигин аныктап, республикада коронавирустун жайылышына бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүн  берет.

Серологиялык реакция оң болгон учурда  милдеттүү түрдө ПЦР-анализ жүргүзүлөт.

Кытай Эл Республикасы, Түштүк Корея жана башка бир катар өлкөлөрдө коронавирусту аныктоодо  экпресс-тестти колдонуу оң жыйынтык берди.

“Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигине ар тараптуу стратегиялык кыргыз-кытай өнөктөштүгүнө  колдоо көрсөтүп жатканына жана  кытай элинин Кыргыз Республикасынын элине болгон достук мамилеси үчүн терең ыраазычылык билдиребиз”,- деди өз сөзүндө саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов


Басып чыгаруу