Previous Next

ДССУ Кыргызстандын иммундаштыруу боюнча мобилдик бригадаларына жеке коргонуу каражаттарын тапшырды

Бүгүн, 2020-жылдын 3-апрелинде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) КРнын Саламаттык сактоо уюмуна караштуу Республикалык эмдөө борборуна вакцина жана иммундаштыруу боюнча  GAVI (УСЗ-2) Глобалдык Альянстын колдоосу менен кошумча жеке коргонуу каражаттарын, дезинфекциялык каражаттарды жана биринчи жардам кутучаларын тапшырды.

Дүйнөдөгү  COVID-19га байланышкан кырдаалды эске алуу менен, ДССУ Кыргызстанга техникалык колдоо көрсөтүүнү улантуу менен катар, иммундаштыруу боюнча мобилдик бригадаларды жана республиканын төрөтканаларында эмдөө жасоочу медайымдарды жеке коргонуу каражаттары менен каржылап, республика боюнча мобилдик бригадалар тарабынан эмдөө жүргүзүү убагында медкызматкерлердин, наристелердин жана ата-энелердин  жеке коопсуздугуна  кам көрүп келет.

Керектүү каражаттар иммундаштыруу боюнча республиканын бардык аймагында иштеп жаткан  65 бригаданы толук камсыздоого багытталган. Көрсөтүлгөн материалдык жардамдан тышкары, ДССУ

мобилдик топторду жана ушул ишке тартылган медициналык кызматкерлерди ташууга кеткен ж.б. чыгымдарды каржылайт.

“Иммундаштыруу өлкөдөгү коомдук саламаттыкты сактоо кызматтарынын  оорунун алдын алуу боюнча жүргүзгөн  иштеринин маанилүү компоненти  болуп саналат.  Кыргызстан эл аралык жана улуттук өнөктөштөрдүн колдоосу менен Улуттук алдын алуучу  эмдөө календарына ылайык  эмдөө менен камтуунун жакшы деңгээлине жетишти. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн колдоосу үчүн ДССУнун Регионалдык бюросуна жана ДССУнун өлкөлүк кеңсесине терең ыраазычылык билдиребиз ”,- деп белгиледи КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-секретары Калысбек Шадыханов.

Жүрүп жаткан пандемия калкты эмдөө менен камтуу деңгээлине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ал өз кезегинде организми ооруну тез кабыл алуучу адамдардын санынын өсүшүнө жана  вакцина менен башкарылуучу инфекциялардын келип чыгуу ыктымалдыгынын жогорулашына алып келиши мүмкүн, бул бардык күчүн  жана ресурстарын COVID-19 менен күрөшүүгө багыттаган саламаттыкты сактоо тутуму үчүн кыйынчылык туудурат.

Жакында эле ДССУ тарабынан жарыяланган  Европа регионундагы  пландык иммундаштырууну COVID-19 пандемиясы жүрүп жаткан  учурда  жүргүзүү боюнча көрсөтмөсүндө, ДССУ калкты иммундаштырууну  мүмкүн болушунча узак жүргүзүүнү сунуштады.


Басып чыгаруу