Previous Next

«Альянс Алтын» компаниясы Талас областына коронавирус менен күрөшүү жана анын алдын алуу үчүн  гуманитардык жардам көрсөттү

Жер-Үй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясынын акционерлеринин атынан  Талас областтык ыкчам штабына коронавирус менен күрөшүү жана анын алдын алуу үчүн  гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Областтын саламаттык сактоо уюмдарына 1 875 656 сом өлчөмүндө өпкөнү жасалма желдетүү аппараттары, кардиомониторлор, пульсоксиметрлер, хирургиялык  сордуруучу аппараттар, кычкылтек концентраторлору жана инфузоматтар тапшырылды.

Гумжардамдын биринчи партиясянда медкызматкерлердин жеке коргонуу каражаттарынан тышкары, коронавирустук инфекция менен күрөшүү жана инфекциялык коопту жерлерде жашаган калкты колдоо үчүн зарыл болгон башка медициналык буюмдар, антисептик жана атайын дезинфекциялоо каражаттары өткөрүлүп берилди.

“Областка келип жаткан гуманитардык жардамдар катуу көзөмөлгө алынып, белгиленген максатка ылайык жөнөтүлөт”, - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин Талас облусу боюнча координатору Айжамал Шамбетова.


Басып чыгаруу