Медицина кызматкерлеринин ден соолугу – биздин эң башкы милдеттерибиздин бири

 

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Кыргызстандагы коронавирус инфекциясына байланыштуу учурдагы кырдаал жана вирус жуктуруп алгандыгы аныкталган медицина кызматкерлери тууралуу айтып берди.  


- Биздин жарандар азыр Саламаттык сактоо министрлигинин пландагы бейтаптарды кароого чамасы жетпейт, болгон күч-аракет коронавирус менен күрөшүүгө гана багытталган деп тынчсызданып жатышат?

COVID-19га каршы аракет кылуу үчүн учурда биздеги инфекциялык ооруканалар жана бөлүмдөр, ошондой эле саламаттык сактоонун шаар сыртындагы мекемелери иштеп жатат, ошондуктан тынчсызданууга негиз жок жана башка оорулууларга медициналык жардам көрсөтүү үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок. Республиканын бардык ооруканалары штаттык режимде иштеп жатышат, зарылчылык болгон учурда ал жерге оорулууларды мурдагыдай эле азыр да штаттык режимде иштеп жаткан Тез жардам автоунаалары менен жеткирип жатышат. Температурасы бар инфекциялык бейтаптарды атайы машина жана бригада тейлейт.

- Башка өлкөлөрдөн алынып келинген дарыларды пайдаланган бейтаптар эмне кылышы керек, алар бүгүнкү күндө андай дарыларды ала алышабы?

Мындай суроолор менен буга чейин мага айрым жарандар кайрылышкан, биз бул маселени бейтаптардын дарылануусу үзгүлтүккө учурап калбашы үчүн жогорку деңгээлде чечебиз, бул өзгөчө тобокелчилик тобундагы балдарга тиешелүү.

- Биздин жарандар саламаттык сактоонун оору жуктуруп алган кызматкерлеринин саламаттыгы үчүн абдан тынчсызданып жатышат, белгилүү болгондой 4-апрелге карата алар 9 киши болгон. Сиз өзүңүздүн кесиптештериңизге ушул учурда эмне айткыңыз келет?

Медицина кызматкерлеринин ден соолугу – биздин башкы милдеттерибиздин бири. Бейтаптарды тейлеген инфекциялык оорулар бөлүмүндө иштеген кызматкерлердин оору жуктуруп алган учурлары орун алды. Менимче жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелери жана аны колдонуудагы, кийүүдөгү жана өзгөчө чечип жаткан учурдагы сактык чаралары бузулган болушу керек. Айта кетүүчү нерсе, биринчи чекте турган дал ушул кызматкерлерди биз бардык зарыл болгон каражаттар менен камсыздоого аракеттенгенбиз. Алардын арасында санитаркалар, тамак таратуучулар жана кир жуугучтар бар. Ушул тапта алар өздөрүн жакшы сезип жатышат, эч кандай клиникалык симптомдор жок жана биздин өтө сак медициналык байкообуз астында турушат.

Биз медицина кызматкерлерин окутуу жана нускамадан өткөрүү боюнча ишти улантып жатабыз, алар менен сүйлөшөбүз, бирок жуктуруп алуу тобокелчилигинен кача албайбыз, мындан качуу мүмкүн эмес, анткени медицина кызматкерлери оорулуу адамдар менен дайыма байланышта болуп турушат. Мен Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медицина институтуна биокоопсуздук жана биокоргонуу эрежелерин даярдоону жана жазып таратууну тапшырдым.

Медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган учурда аны ооруканага жаткырабыз, эгерде клиникасы көрүнсө инфекциялык оорукананын бокс бөлүмүнө жөнөтөбүз, ошондой эле аны менен байланышта болгондордун бардыгын обсерваторияга обочо бөлүп, 14 күн бою алгач байкоо жүргүзөбүз, андан соң эки жолу катары менен терс анализ чыккан учурда үйгө чыгарабыз жана жашаган жери боюнча ҮДТда дагы 14 күн байкоо жүргүзөбүз.

Кесиптештеримден кунт коюп көңүл бурууну жана сабыр кылууну, жеке коргонуу каражаттарын кийип гана иштөөнү жана бардык жазылган эрежелерди сактоону абдан өтүнүп кетким келет.

Ошондой эле башка өлкөлөрдөн февраль-март айларында келген жарандарга дагы кайрылгым келет. Үйдө обочо калыңыздар жана оорунун кичине эле клиникалык белгилери пайда болгон учурда ошол замат участкалык дарыгерге же ҮДТдагы дарыгерге кайрылыңыздар, абалыңар начарлаган учурда тез жардам чакырыңыздар. Өзүңөрдүн жана жакындарыңардын, туугандарыңардын жана коңшуларыңардын ден соолугун сактаңыздар.

- Ведомствонун башчысы катары, Сиз Кыргызстандагы COVID-19 боюнча өзүңүздүн божомолуңузду жасай аласызбы?

Биз дүрбөлөңгө түшпөшүбүз керек, бирок ошол эле учурда кырдаалдын оорлоп кетишине дагы даяр болушубуз керек. Жакын арада эмне болуп кетерин биле албайбыз, анткени коронавирусту жана ага байланыштуу кырдаалды изилдөө дагы эле улантылып жатат.

Мисалы, Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондорунда бир үйдө 20-30 баласы болгон 4-5тен үй-бүлө жашайт, азыр көңүлүбүздү ошолорго буруп жатабыз, ошондуктан азырынча кандайдыр бир божомол жасоо абдан эрте, анткени биз али акыркы оору катталган учурдан баштап инкубациялык мезгилди (оору жуктургандан баштап анын белгилери пайда болгонго чейинки мезгил – ред.) али басып өтө элекпиз.

Ошого карабастан биз бүгүнкү күнгө, бир айга жана үч айга карата: дары-дармектер, дарыгерлер, каражаттар, орундар, ооруканалар, бейтаптар жана байланышта болгондор үчүн алдын ала бардык керектүү эсептөөлөрдү даярдадык жана Республикалык штабдын чечиминин алкагында аларды Өкмөткө бердик, анда ошондой эле башка министрликтердин жана ведомстволордун дагы программалары бар.

- Карамагыңыздагылар жана медициналык кесиптештериңиз менен иштешүүдө башкаруунун кандай ыкмаларын колдоносуз: жазалоо, сыйлоо, колдоо?

Адамдар эки айдан ашык убакыттан бери күнү-түнү иштеп жатышат, алардын айрымдары жоокерлер сыяктуу казармалык абалда турушат. Алар үчүн азыр башкысы – бул колдоо жана мотивация берүү. Биздин жер-жерлердеги адистерибиз жана дарыгерлерибиз кырдаалга кыйшаюсуз жана түшүнүү менен мамиле кылып жатышат, андан тышкары абдан көп учурда бүткүл дүйнө жүзүндөгү коронавирус – бул биздин жалпы апаатыбыз экендигин моюнга алуу менен көптөгөн жакшы демилгелерди көтөрүшүүдө.

Гиппократтын антын берген адам катары, биз акыркы күчүбүз жана каражаттарыбыз калганча иштөөгө тийишпиз.

Биздин жапа чеккен медицина кызматкерлерибиз өздөрүнүн саламаттыгын курмандыкка чалышты, алар согуш аракеттериндеги жарадар жоокерлер сыяктуу, ошондуктан биз аларга түшүнүү менен мамиле кылууга жана моралдык, материалдык жактан колдоого тийишпиз. Ушул тапта биз аларга кандайча жардам берүү керектиги боюнча каржылык эсептөөлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Бүгүнкү күндө биз алып жаткан айлык акылар боюнча күлөрүңдү же урушаарды билбейсиң, ал 2011-жылдан бери көбөйгөн эмес! Тарифтик торчо боюнча дарыгердин айлык акысы бүгүнкү күндө 5 миң сомду, медайымдын айлык акысы – 4,5 миң сомду түзөт. Кырк жылдык иш тажрыйбасы бар биздеги дарыгерлер бардык кошумчалары менен 9-12 миң сом алышат. Биз бул сумманы эки эсе көбөйткөн күндө дагы, ал баары бир өтө аз болот.  Медицина кызматкерлерине айлык акыны көбөйтүү жана аларга мотивация берүү, колдоо көрсөтүүнүн башка формалары жөнүндө сөзсүз ойлонууга тийишпиз. Бул тууралуу биринчи кезекте саясий чечим кабыл алуучу адамдар унутпашы керек.

Учурда медицина кызматкерлерине айлык акы төлөө кечиктирилген жок, биз аларды фонддун эсебинен бир жолку төлөмдөр менен колдоону пландап жатабыз. Өкмөт бизге уруксат берди, азыр оорунун очогунда иштеп жаткандарга: эпидемиолог, инфекционист, лаборанттарга ж.б. айлык акыны дифференциациялап жогорулатуу жөнүндө ойлонуп жатабыз.

Биз ошондой эле саламаттык сактоо кызматкерлерин тамак-аш азыктары менен колдоого аракеттенүүдөбүз, аларды транспорт менен ташууну уюштурдук, жекече коргонуу каражаттары ж.б. менен камсыздап жатабыз. Бизге бул ишке көмөк көрсөтүп жаткан ишкерлерибизге аябагандай чоң ыраазычылык билдиребиз.

- Өз жанын кыюу, өзгөчө балдар жана өспүрүмдөр арасындагы суициддер тууралуу кооптуу белгилер келе баштады. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кандайдыр бир чаралар көрүлөбү?

Биз бул маселелерди КР Республикалык штабынын отурумдарында талкуулап жатабыз жана жарандарыбыздан, ата-энелерден таш боор багыттагы тасмаларды көрүүнү чектөөнү же ал гана эмес жокко чыгарууну, ата-энелердин балдар менен бирге көбүрөөк убакыт өткөрүүсүн жана сүйлөшүүсүн өтүнүүдөбүз. Биздеги маалыматтык-билим берүү материалдарын жайылтууга жана трансляциялоого даярдык көрүүдөбүз. Бул багытта, башка көптөгөн багыттардагыдай эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен биз өз ара аракеттенишүүбүздү күчөтүүгө тийишпиз.


Басып чыгаруу