Министр

Абдикаримов Сабиржан Токтосунович
 
    Министр   62-26-80

 

Туулган жылы: 1959-жыл 20-декабрь

Туулган жери: Ош областы, Ноокат району, Кыркол айылы.

Билими: Жогорку. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун «санитардык врач» адистигин бүтүргөн.

Экинчи билими: 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын “Саясий менеджмент” бөлүмүн аяктаган.

Ишмердүүлүгүнүн негизги баскычтары:

  • 1981-1987 — Республикалык санитардык-эпидемиологиялык станциянын санитардык врачы;
  • 1987-1993 — КР Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгында врач-инспектор;
  • 1993-1997 — Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгынын начальниги;
  • 1997-2007- жылдары — Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директору;
  • 2007- 2010 — Мамлекеттик башкы санитардык врач, КР саламаттык сактоо министринин орун басары;
  • 2010 — Саламаттык сактоо министри;
  • 2011-2012 — Саламаттык сактоо министринин орун басары;
  • 2012-2013 — Саламаттык сактоо министрлигине караштуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин башкы директору;
  • 2013-2016 — Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында кафедра башчы, окутуучу;
  • 2016-2020 — Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча республикалык борборунун директору;
  • 2020-жылдын 2-апрели — КР саламаттык сактоо министри.

Медицина илимдеринин доктору.

Мамлекеттик  кызматтын III  класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

2019-жылдан тарта Жогорку аттестациялык комиссиянын эксперттик кеңешинин мүчөсү.