Кош бойлуу аял өзү үчүн дагы, бала үчүн дагы эки эсе жооптуу болууга тийиш

(COVID-19 пандемиясы мезгилиндеги эне жана баланын ден соолугу жөнүндө КР Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса
Асылбашева менен маек):
- Коронавирус боюнча байланышта болгон жана шектүү адамдар үчүн төрөт үйүнүн базасында обсервациялык бөлүмдү кантип ачышты деп адамдар таң калып жатышат.


Ооба, чындап эле Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн базасында өзүнүн операциялык жана процедуралык бөлүмдөрү, төрөт залы, акушерлер бөлмөсү жана ымыркайлар үчүн бөлмөсү ж.б. бар 26 орундуу бир обсервациялык бөлүм түзүлгөн. Башка төрөт үйлөрүндө тиешелүү шарттар жок болчу. Бул жерде төрөт стационарынын негизги корпустарынан алысыраак жайгашкан өзүнчө имарат бар. Колдо болгон экөөнүн бирөөсү ушул обсервациялык бөлүмдү тейлеши үчүн дагы бир ӨЖД (өпкөнү жасалма дем алдыруу) аппаратын алабыз деп үмүт кылуудабыз, эгерде мисалы, COVID-19 диагнозу менен аял келип түшсө бизде бардык керектүү нерселер болот.
- Ушул тапта бул обсервациялык бөлүмдө коронавирус менен жапа чеккен аялдар барбы?
Азырынча жок, бейтаптар менен байланышта болгондор гана бар.
- Ушундай аялдарга төрөткө көмөктөшүүчү жардам көрсөтүү боюнча кандайдыр бир спецификалуу нускамалар болушу керекпи?
ЮНФПА фондунун эсебинен биз кош бойлуулар, төрөй турган аялдар жана төрөгөн аялдар, ошондой эле адистер үчүн эскертмелерди иштеп чыгып, бардык сунуштарды жаздык. Жумушчу топтун мүчөлөрү бардык керектүү маалыматтарды чогултушту жана бул кырдаалда төрөттү, төрөттөн кийинки мезгилди кандай жүргүзүү жана эмне кылуу керектиги боюнча бардыгын ирети менен жөнгө салышты. Бизде стационарлардын жана баштапкы мекемелердин ортосунда жакшы салт улоочулук жөнгө салынган, анткени ооруканадан чыккандан кийин аялдар балдары менен кайсы бир убакытка чейин үй карантининде болушат, биз алардын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүнү колдон чыгарбашыбыз керек. Ушул тапта КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, аракеттер алгоритми иштелип жатат, бирок жер-жерлерде бардыгы керектүү материалдар менен камсыздалган. Ар бир эки жума сайын маалыматтар жаңыланып турат. Кош бойлуулар боюнча биз КР Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19га каршы күрөшүү боюнча Ыкчам штабы аракеттенген биринчи күндөрдөн баштап эле иштеп жатабыз.
- COVID-19 жатын ичинде балага кандай таасирин тийгизери жана ал оору жуктуруп алган эне менен өз ара кандай байланышта болору
тууралуу изилдөөлөр барбы?

Бизде маалымат абдан аз. Эң башкысы, бардык коопсуздук чараларын сактоо. Кош бойлуу аял өзү үчүн дагы, бала үчүн дагы эки эсе жооптуу болууга тийиш. Ден соолукту сактоонун мыкты ыкмасы – бул обочолонуу. Биз аялдарга баштапкы саламаттык сактоо мекемелерине келбестен жана ал жерден дарыгерлерди издебестен, алар менен уюлдук байланыш аркылуу гана сүйлөшүүлөрүн эскерттик. Азыр биз аралыктан гана кеңеш берип жатабыз! Бизде ошондой эле жогорку тобокелчиликтеги топтор дагы бар, алар экстрагениталдык оорулар менен жапа чеккен аялдар. Биз алар үчүн аралыктан консилиумдарды уюштурууга аракеттенебиз. Өтө зарыл учурларда медициналык мекеменин жетекчиси үйдөн жардам көрсөтүү боюнча мобилдик бригада уюштурууга милдеттүү. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, жер-жерлерде экспресс-тесттерди жасап, белокко заара чогултабыз, бактериурияны карайбыз ж.б. Аялдарга биз жогорку тобокелчилик тобундагыларга гана жардам көрсөтүүдөн тышкары онлайн кеңеш берүүгө өткөнүбүздү дагы бир жолу эскертип кетким келет! Өзүңөрдүн дарылоочу дарыгериңер менен байланышта болгула!
Төрөтү  башталып калган учурда аялга медициналык тез жардам унаасын жөнөтөбүз. Төрөгөндөн кийин баланы жана аялды үйүнөн көзөмөлдөө дагы уюлдук телефон аркылуу ишке ашырылат, биз аялга ошондой эле кооптуу белгилер ж.б. тууралуу маалымат беребиз. Ымыркайларды жер-жерлерде каттоо мурдагы сценарий боюнча жүргүзүлөт.
- Ал эми пландалган гинекологиялык операцияларчы?
Алардын бардыгы токтотулган жана кечирээк мөөнөттөргө жылдырылган. Зарыл болгон учурларда Бишкекте жана аймактарда гинекологиялык ооруканалар же бөлүмдөр иштейт, ошондой эле алардын жана төрөт үйлөрүнүн ортосундагы милдет так бөлүштүрүлгөн.


Басып чыгаруу