Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 5-декабрында Кыргызстандын кургак учукка каршы кызматында жүргүзлүп жаткан иштер менен жакындан таанышты

 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги  АКШнын эл аралык өнүктүрүү Агенттигинин (USAID Kyrgyz Republic) техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы кызматына бир катар заманбап жана алдыңкы жаңычылдыктарды киргизүүдө.

Улуттук фтизиатрия борборуна болгон сапардын  жүрүшүндө Президент бейтаптарды  каттоону, алар тууралуу маалыматтарды иштеп чыгууну жана эсепке алууну автоматташтырган медициналык маалымат системалары менен, аларга дайындалган дарылоо, лабораториялык изилдөөлөр жана анын жыйынтыктары менен таанышып чыкты.

Маалыматтык система ыкчам жана стратегиялык чечимдерди кабыл алууга, кургак учукка каршы кызматтын ишин бир кыйла жакшыртууга жардам берип, медицина кызматкерлеринин ишин гана жеңилдетпестен, эң башкысы, кургак учук менен ооруган бейтаптарды дарылоо сапатын жогорулатууга шарт түзөт.

Санариптештирүү процессинин алкагында кургак учукка каршы кызматынын маалыматтык системасын башка мамлекеттик электрондук системалар (МКК, Соцфонд, ММКФ, Саламаттык сактоо) менен интеграциялоо  «Түндүк» ЭВӨС аркылуу  жүргүзүлгөндүгүн Улуттук фтизиатрия борборунун директору Болот Майканаев белгиледи.

USAID дин техникалык колдоосу  менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң алгачкы кургак учуктун   заманбап молекулярдык-генетикалык изилдөөсү болуп эсептелген кургак учуктун микобактериясынын  толук геномун секвенирлөө ийгиликтүү киргизилип жаткандыгын жана анын жардамы менен бактериянын түрүн  аныктоо аркылуу  ар бир бейтапка гана ылайыкташтырылган дарылоону иштеп чыгууга, бейтаптын ооруну кайсы жол менен жуктуруп алгандыгын аныктоого, ошону менен бирге оорунун жайылышын токтотууга шарттар түзүлө тургандыгын  Республикалык референц лабораториянын жетекчиси Гульмира Калманбетова айтып берди. Мындан тышкары биологиялык материалдарды ташуунун жаңы системасы ишке ашырылып, аймактардагы оорулуулар какырыктын үлгүсүн өз алдынча Улуттук фтизиатрия борборуна жеткирүү зарылчылыгы кыскарды. Бул өз кезегинде дартты аныктоо процессин  тездетип, калктын убактысын үнөмдөйт  жана каржылык чыгымдарын азайтат. Жогоруда айтылган  дартты аныктоонун жогорку технологиялык ыкмалары жарандарга акысыз түрдө көрсөтүлөт.

misterprez v nzf1

misterprez v nzf


Басып чыгаруу