КР Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун Энелер күнүнө карата куттуктоо сөзү!  

Урматтуу аял заты! Кымбаттуу биздин энелер!

Бүгүн сүйүүнүн, аянбастыктын, жылуулуктун жана түбөлүк чыдамдуулуктун символу болгон энелер күнү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин атынан сиздерди Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Ар бир жылы май айынын үчүнчү дем алышында өлкөдө Энелер күнү белгиленип келет. Бул майрам, албетте дүйнөдөгү эң ыйык деп саналган эне мээримине ийилип таазим этүүгө багышталган.
Дүйнөдөгү адамгерчилик, асыл сапаттардын бардыгы бизге эне сүтү менен келээри белгилүү, ошол себептүү энелердин асыл ой-максаттарын чыныгы турмушка ашыруу бул биздин моюнубуздагы милдет, ыйык парз. Ар дайым энелер үчүн биздин сый-урматыбыз, мээримибиз, жылуу сөзүбүз өтө зарыл. Анткени, биз алар үчүн ар дайым бала бойдон кала беребиз.
Энелер тарабынан өз балдарына өткөрүлүп берилип келе жаткан руханий жана физикалык ден соолук өлкө келечеги үчүн өтө маанилүү.
Урматтуу энелер бүгүнкү майрамыңыздар кут болсун, ар дайым ден соолукта болуп балдарыңыздардын урмат-сыйынын үстүндө жүрүңүздөр. Ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө тынччылык, бакубат өмүр каалайм!


Басып чыгаруу