Ооруканадан сырткары өпкөнүн сезгенип оорусу боюнча 119 учуру катталган

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин берген маалыматы боюнча 2020-жылы ооруканадан сырткары өпкөнүн сезгенип оорусу боюнча катталган учурлардын жалпы саны 119. Алардын ичинен:

Февраль айында 37 учур катталып, 2 бейтап каза болгон;

 Март айында 31 учур катталып, 1 бейтап каза болгон;

 Апрель айында 23 учур катталып, 7 бейтаптан ПЧР-диагностикасына анализдер алынып, бардыгынын жыйынтыгы терс чыккан.

1-майдан 16-майга чейин 28 учур катталып, ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен 2 бейтаптан COVID-19 аныкталган. Алар жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган.


Басып чыгаруу