Previous Next

Эл аралык өнөктөштөр менен салтка айланган жолугушуу

2019-жылдын 6-декабрында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунда  калктын ден соолугун  чыңдоо жана оорулардын алдын алуу иштерине көмөктөшүп келген эл аралык өнөктөштөр менен жыл сайын уюштурулуучу  салтка айланган жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Өкмөттүн медиа эксперттер тобунун командасы да чакырылган.

Саламаттык сактоону 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн  жаңы “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” Прогаммасынын алкагында борбор алып барган иштерде негизги басым Жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга, вакциналоого, жаштар арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга жасалып келет. РДЧБнын директору Нурила Алтымышева борбордун иш планы жана жаңы коммуникация бөлүмү менен тааныштырды. “Оорунун алдын алуу маанилүү, маалыматтык-билим берүү материалдары чыгарылып жатат, бирок калкка массалык маалымат каражаттары, социалдык түйүндөр аркылуу  маалымат жеткирүү дагы абдан чоң  мааниге ээ. Ушул себептен биз азыр борбордун коммуникация бөлүмүн күчтөө аракетин көрүп жатабыз. Оорулардын алдын алуу жана аны болтурбоо үчүн биргелешкен күч аракеттерибизди жумшообуз керек”,-деп белгиледи борбордун директору Нурила Алтымышева.


Басып чыгаруу