Previous Next

“Чаарат ЗААВ” ЖАК Саламаттык сактоо министрлигине коронавирусту аныктоо үчүн лаборатордук жабдуу жана ПЦР тесттерди тапшырды

2020-жылдын 15-майында КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин (ОААжМСЭКД) вирусологиялык лабораториясына“Чаарат ЗААВ” жабык акционердик коому тарабынан гуманитардык жардам катары ПЧР-анализ жүргүзүүчү 2016-жылы Россияда чыгарылган ДНК Амплификатор ДТ Лайт 4 S1 лаборатордук жабдуусу тапшырылды. Ошондой эле 1440 изилдөө жүргүзүү үчүн реагенттер топтомун берди. Гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 44 831 АКШ долларын түзөт. Төрт каналдуу Амплификатор жабдуусу сыноодон өткөрүлүп, колдонууга берилди. Анын мүмкүнчүлүгү суткасына 50-60 изилдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. ДНК Амплификатору коронавирус боюнча кырдаал туруташканга чейин ОААжМСЭКДнын вирусологиялык лабораториясында иштетилип, андан соң Чаткал районуна өткөрүлүп берилет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги “Чаарат ЗААВ” жабык акционердик коомуна саламаттык сактоо системасына колдоо көрсөтүп, коронавирус менен күрөшүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.

Маалымат үчүн:

Республика боюнча 9 вирусологиялык лаборатория ишке тартылган, 14 ПЧР жабдуусу бар. Эпидемиялык абалдын башталышынан 2020-жылдын 18-майына чейин жалпы республика боюнча 84 815 изилдөө жүргүзүлдү.


Басып чыгаруу