Previous Next

Ирандан бортунда гуманитардык жардам жана 5 мекендешибиз бар чартердик авиакаттам келди

Убактылуу чек аралардын жабылышынын жана эл аралык жүргүнчүлөр авиакаттамдарынын токтотулушунун, ошондой эле коронавирустук инфекциянын пандемиясынын жайылышына байланыштуу кабыл алынган карантиндик чаралардын кесепетинен чет мамлекеттерден келе албай калган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Иран Ислам Республикасынын Мешхед шаарынан Бишкек шаарына бортунда гуманитардык жардам жана Кыргызстандын 5 жараны бар чартердик авиакаттам келди.

Гуманитардык жүктү расмий тапшыруу аземи Эл аралык "Манас" аэропортунда  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин, Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдун жана Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саида Харазинин  катышуусу менен өттү.

Берилген гуманитардык жардам жеке коргоонун каражаттары (беткап - 13 куту, мээлей - 9 куту, костюмдар - 144 куту, коргоочу көз айнектер), дары-дармек жана дезинфекциялоочу каражаттардан (79 куту) турат.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү иран тарапка көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, ал өлкөдөгү коронавирустун пандемиясын жеңүүдө мааниси чоң экенин белгиледи


Басып чыгаруу