Previous Next

COVID-19 боюнча онлайн маалыматтар базасы

Кыргызстанда өлкөнүн бардык аймактарындагы ооруканаларда COVID-19 менен ооруган бейтаптарды каттоо үчүн маалымат тутуму киргизилген. Онлайн маалыматтар базасын иштеп чыгуу маселеси  Кыргызстандын түштүгүндө, COVID-19 инфекциясынын пайда болгон биринчи күндөрүндө, көтөрүлгөн. Саламаттык сактоо министрлигинин Электрондук саламаттык сактоо борборунун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) IT адистеринен турган жумушчу топ ыкчам түрдө түзүлгөн. Демилгени, Германия Өкмөтүнүн тапшырмасы аркылуу GIZ тарабынан ишке ашырылган, кыргыз-герман “Кыргызстанда перинаталдык саламаттык сактоо көмөктөштүгү” долбоору колдоого алган.

Бир нече күн бою эки ведомствонун тең IT адистери медицина адистери менен бирге бир катар процесстерди автоматташтырууга мүмкүндүк берген маалыматтык онлайн платформаны иштеп чыгышты. Мурда толтурулган салттуу жазуу формасындагы ар кандай эсептик жана отчеттук формалар убакытты көп алат жана техникалык каталардын деңгээлинин жогорулашына алып келет. Азыр областтык координаторлор жана Саламаттык сактоо министрлиги стационарлардан мындан ары электрондук почта менен отчетторду жөнөтүүнү талап кылбайт.  Бейтапты кабыл алуу жана чыгаруу датасы, клиникалык өзгөрүүлөрдүн динамикасы, лабораториялык изилдөө маалыматтары, ошондой эле ар бир бейтаптын жеке маалыматтарын кошуп алганда, бардык маалыматтар онлайн жеткиликтүү. 

Бүгүнкү күндө республикада COVID-19 менен ооруган бейтаптарга жардам көрсөткөн 30дан ашык стационарлар мындай платформаны күнүмдүк практикада колдонушат. Булар - COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоого түздөн-түз катышкан Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасы, бардык областтык ооруканалар,  ошондой эле райондук жана шаардык ооруканалар сыяктуу республикалык деңгээлдеги мекемелер. Стационарлардын жана Үй бүлөлүк медицина борборлорунун адистери, дарыгерлери, оорукананын жетекчилери, ошондой эле мекемелердин маалымат тутумунун операторлору тутумду пайдалануу боюнча кыска мөөнөттүү окуудан өтүштү. Медицина кызматкерлери айткандай, маалыматтык тутум ишти гана эмес, ыкчам чечимдерди кабыл алуу процессин дагы жеңилдетти.  Ал пайдаланууга жеңил жана Фонддун, Электрондук саламаттык сактоо борборунун, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, DHIS2 (District Health Information System) маалыматтарын визуалдаштыруу тутумун кошуп алганда, башка маалыматтар тутуму менен бириктирилиши мүмкүн.


Басып чыгаруу