Дарылануу курсунун аякташы менен эки аскер кызматкери үйлөрүнө чыгарылды

Бүгүн, 2020-жылдын 22-майында дарылануу курсунун аякташы менен эки аскер кызматкери Улуттук госпиталдан чыгарылды, абалдары канааттандыраарлык.

Үчүнчү аскер дарылоо курсун улантууда. Дарыгерлер бейтаптын абалын туруктуу деп баалашууда. 2020-жылдын 19-майында академик Миталип Мамытов жана  Бурденко нейрохирургия борборундагы россиялык кесиптештердин катышуусунда консилиум өткөрүлдү. Консилиум онлайн режиминде өттү (телемедицина). Консилиумдун жыйынтыгы боюнча, бейтаптын дарылануусу жөнгө салынып, дарылоо улантылууда. Оорулуу бардык дары-дармектер жана медициналык шаймандар менен камсыздалган.


Басып чыгаруу