Онкология борбору бейтаптарына ПЧР анализ жүргүзүүдө

Улуттук онкология жана гематология борборунун бейтаптарынын жана кызматкерлеринин арасында коронавирустук инфекцияны жугузуп алган учуру катталышына жана вирустун андан ары жайылышына бөгөт коюу максатында, борбордун жетекчилиги  тарабынан коронавируска ПЧР изилдөө жүргүзүү чечими кабыл алынган.

Оорунун жугуштуулугу бийик денгээлде экенин эске алып,  окутуудан өткөн лаборанттар борбордун ичинде атайын бөлүнгөн бөлмөдө ПЧР изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултушат. Бардык анализдер акысыз жүргүзүлөт. Мындан тышкары, ооруканага жаткырылууга муктаж бейтаптарга борбордун ичинде милдеттүү түрдө рентген же компьютердик томография жүргүзүлмөкчү.


Басып чыгаруу