Коронавирус инфекциясы тастыкталган адамдарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар даярдалууда

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жүгүн жеңилдетүү жана дезинфекциялык тазалоо иштерин өткөрүү максатында, КР дин Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 инфекциясы тастыкталган оорулууларды кабыл алуу үчүн шаардык клиникалык №6 ооруканасынын, Улуттук фтизиатрия борборунун жана Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын базасында койко орундуктарды уюштурууда. Темир жол ооруканасы коронавирустук инфекцияга алынган ПЦР анализи терс пневмонияга кабылган оорулууларды кабыл алууга багытын өзгөрттү.

Эске салсак, буга чейин пневмониясы бар бейтаптарды шаардык клиникалык №6 оорукана кабыл  алып келген.


Басып чыгаруу