Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылындагы окуядан жабыр тарткандар боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстан менен Өзбекстан Республикасынын жарандарынын ортосундагы окуядан жабыркагандарга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет: алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, Айдаркен шаарынын Жалпы дарыгерлик тажрыйбалык борборуна окуянын кесепетинен жаракат алган 15 жабырлануучу келип түшкөн. Учурда жабырлануучулардын төртөө ооруканада, калгандары алгачкы жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Ар кандай жаракаттары бар төрт жабырлануучу ооруканада дарыланып жатышат, экөөнүн абалы оор деп бааланууда, ал эми калган экөө салыштырмалуу канааттандырарлык абалда.

Жабыр тарткандар бардык керектүү дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз болушкан.

Окуя болгон жерде 2 тез жардам бригадасы нөөмөттө турушат. Баткендеги кесиптештерине жардам көрсөтүү үчүн облустук саламаттыкты сактоо координатору жетектеген реаниматолог жана травматолог жөнөтүлдү.


Басып чыгаруу