“АССАНАБИЛ” эл аралык кайрымдуулук фонду дарыгерлерге тез жардам унааларын, ӨЖЖ аппаратын жана жеке коргонуу каражаттарын берет

Бүгүн, 2020-жылдын 3-июнунда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Саламаттыкты сактоо министрлигинде “АССАНАБИЛ” Кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Саид Бауми менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар саламаттыкты сактоо жаатындагы эки тараптуу кызматташууга байланыштуу маселелерди талкуулашты. Фельдшер-акушердик станцияларды куруу жана жабдуу ж.б.

“АССАНАБИЛ” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Саид Баюминин айтымында, фонд медициналык кызматкерлерге тез жардам, өпкөнү жасалма желдеткич, коргоочу костюм, респиратор, маска, кол кап түрүндө жардам берүүнү пландаштырууда.

“Биздин фонд Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тутумуна ар тараптуу жардам берип келет. 2017-жылдан 2019-жылга чейин зарыл медициналык жабдуулар менен камсыз болгон 41 негизги фельдшердик-акушердик станция курдук, үстүбүздөгү жылы дагы 30 ФАП курулуп жатат. Республикадагы коронавируска байланыштуу кырдаалды эске алып, дарыгерлерге тез жардам унааларын, өпкөнү жасалма желдетүү аппараттарын жана жеке коргонуу каражаттарын берүүнү чечтик. Алар жакынкы 2 айдын ичинде сатып алынып, Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет ”,- деп билдирди Саид Бауми.

“Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Сиздердин фонд менен иштөөдө чоң тажрыйбага ээ. Акыркы жылдары өлкө аймагында сиздердин колдооңуздар менен зарыл медициналык жабдуулар менен жабдылган заманбап фельдшердик-акушердик пункттар, Үй-бүлөлүк медицина борборлору курулуп жатат. Тез жардам унаалары сатылып алынып, пайдаланууга берилди. Сиздердин колдооңуздардын аркасында, баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматы региондордогу инфраструктураны өркүндөтүп, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө. Саламаттыкты сактоо системасы үчүн эң оор мезгилде көрсөтүлгөн жардам жана колдоо үчүн абдан ыраазыбыз жана Covid-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөргө терең ыраазычылыгыбызды билдирип, жарандарыбыздын ден-соолугун сактоо үчүн биргелешип жемиштүү жана ийгиликтүү иш алып барууну каалайбыз ",- деп белгиледи министр


Басып чыгаруу