Корея мамлекетинен 2 ПЧР – аппараты алынып келинди

“Корея мамлекети менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде Кыргызстанга 2 ПЧР – аппараты керектүү медициналык каражаттар менен биргеликте алынып келинди. Анын бирөөсүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына орнотуп, жайкы туристтик эс алуу учурунда толук кандуу иштей турган лаборатория уюштурууну пландап жатабыз. Сырттан келген медициналык аппараттардын жардамы менен лабораториялардын потенциалын күчөтүү иштери жана эпидемияга каршы иш-чаралар улантылып жатат”, - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.


Басып чыгаруу