Previous Next

Жугуштуу оорулар ооруканасынын айымдарына гүл белек кылышты

Кытай жарандарына жардам көрсөтүү борборунун директору Ян Цай Пин Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында эмгектенген айымдардын коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө жасап жаткан иш-аракеттери үчүн сый-урматын жана ыраазычылыгын билдирип, аларга  гүл тартуулады.  Ушундай оор күндөрдө көрсөтүлгөн колдоо, мейли ал гүл болсун, жеке коргонуу каражаттары жана медициналык багыттагы шаймандар, же жөн гана бейтаптардын ыраазычылык сөздөрү болсун,  дарыгерлерге вирусту толугу менен жеңип чыкмайынча ага каршы турууга күч берет. Биздин көрсөткөн колдообуз аларга оор кырдаалда жалгыз эмес экенин жана өз өмүрлөрүн тобокелге салып,  эс алуу, үй-бүлө менен кечки тамактануу деген эмне экенин унутуп, жумасына 7 күн инфекция очокторунда тынымсыз күрөшүп жатканы текке кетпегенин билдирет.


Басып чыгаруу